- Президенттин жана министрлер кабинетинин ишкерлерге жолугуп, көйгөйлөрүн угуп, текшерүү азаят, жеңилдиктер берилет дегени ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо башталганын далилдейби?

- Албетте, ишкерлерге колдоо башталды десек болот. Негизи ишкерлер жаңы иш баштаганда жеңилдик берилиши керек. Жеңилдетилген насыялар, жеңилдетилген төлөө графиктери, старттап долбоорлорду колдоо механизмдерин иштеп чыгуу керек. Бирок, ошол эле учурда ишкерлерди толук текшерүүнү  токтотпош керек. Болбосо ишкерлер мыйзамдерди тебелеп, текшерүү токтоду деп башаламан иштеп башташат. Тагыраагы, ишкерлер тиешелүү талаптарды, коопсуздук эрежелерин аткарбай, салыктарды толук төлөбөй башташы мүмкүн. Ошон үчүн аларга болгон талаптарды да коё билиш керек.

Кыскасы, баарынан мыйзам бийик турушу керек. Мыйзамды текшерүүчү орган бузса текшерүүчү орган, ишкер бузса ишкер жооп бериши керек. Ишкерлерди текшерүүгө мораторий жарыяланса, өзгөчө тоо-кен тармагындагы ишкерлер кыянаттык менен иш кыла башташы мүмкүн. Ошон үчүн талаптарды да коё билип, мыйзам бузса жооп берерин эстерине салып турушубуз керек.

- Ишкерлерди колдоо, экономиканы жогорулатуунун аракетиби?

- Албетте, экономика ишкерлердин өнүгүшү менен көтөрүлөт. Ал үчүн шарт баарына бирдей болушу керек. Ошондой эле, сот системасы ачык, калыс болушу керек. Ишкерлик жаратмандыкка, илимий изилдөөгө, чыгармачылыкка, ойлоп-тапкычтыкка негизделиши керек.