- Качкын агай, президенттин ишкерлер менен жолугуп, жеңилдик берилет дегени аларды таза иштөөгө, салыкты жашырбоого үндөгөнүбү?

- Президенттин ишкерлерге жолукканын жана ал жерде көтөрүлгөн маселелрди көрүп, чыны менен канаатандым. Ишкерлерге жеңилдиктер берилээрин угуп, мындан ары мрункудай  фискалдык органдар тарабынан текшерилбесине кепилдик беришкенине ыраазы болдум. Эми ишкерлер дагы мурдагыдай салыктарын жашырбай таза иштеши керек. Алар көнгөн адатын улантып, кокус кирешесин жашырыша турган болсо,  техника өнүккөн заманда баары бир  байкалып калып, айып пул төлөөгө аргасыз болушат. Ошондуктан бийлик ишкерлерге кол сунуп, жеңилдик беребиз деп жаткандан кийин алар да таза иштөөгө, мурункудай махинацияларды жасабоого аракет кылышы керек. 

- Кирешесин жашырган ишкерлерге кимдер кирет?

- Темир Сариев премьер-министр кезинде “бюджеттин 60 пайызы уурдалат. Ишкерлер салыкты таза төкпөйт” деп айткан эле. Ошондой эле Данияр Үсөнов дагы “базарлардан түшкөн салыктар 100 миллиондоп чогулганы менен анын баары бюджетке толук төгүлбөйт” деген. Маселен, кээде ишкерлер салыкты да ашыгы менен жашырарын  Сарпашевдин мисалынан да байкасак болот. Тайырбек Сарпашевдин “Подиум” деген дүкөнүндө бир эле туфлинин баасы 80-100 миң сомдон турат. Бирок, салыкка бир айда 2 жарым миң сом эле  төлөөрү ачыкка чыкты. Мындай мисалдар жүздөп саналат. Анткени, бизде уруучулук күч алып, ишкерлер кирешени жашырганды кыйын өздөштүрүп алышкан. Айтайын дегеним, көпчүлүк ишкерлер өнүгүүгө эмес, кайдан оңой олжого ээ болуп калам деп кирешени жашырып, салык төлөбөй калуунун арактен көрүшөт. Президент бүгүнкү жолугушууда коррупциялык схемаларды сындырып жатканын эскертип, ишкерлерди таза иштөөгө үндөдү. Акылбек Жапаров, Алманбет Шыкмаматов, Курманкул Зулушевдердин ишкерлерге колдоо болот деп кепилдик беришкени буюрса,  өзгөрүүгө багыт алдык  деген чоң  үмүттү пайда кылды.