Жакынкы аралыкта коомдук башталыштагы Коррупцияга каршы ишкер кеңеш түзүлөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров бизнес чөйрөсү менен жолугушууда билдирди. 

"Коррупцияга каршы ишкер кеңеш президенттин администрациясынын алдында ачылат. Анын курамына ишкерлер кире алат. Эгер үзгүлтүксүз жана мыйзамсыз текшерүүлөр болсо, сиздер ал боюнча аталган кеңешке же Башкы прокуратурага билдирсеңиздер болот. Мен аны өзүм көзөмөлгө алам", - деди президент. 

Эске салсак, буга чейин президент УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюуларын жарыялаган.