Бүгүн бизнес өкүлдөрү менен жолугушууда Акылбек Жапаров алтынга болгон баа дагы кымбаттай турганын билдирди. Айтымында, жакынкы жылдарда бардык алтын кендери президенттин жарлыгына ылайык иштетилип баштайт. 

"Технология бар, бизнес-долбоорлор бар, Тенгиз Бөлтүрүк сыяктуу кадрлар бар. Алар булардын баарын башкарышат, ошондо биздин өлкө дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бирине айланат деп ишенем", - деди ал. 

Ал белгилегендей, ресрустар жетиштүү, алтындан башка IT- технологияларында активдүү колдонулчу платина менен күмүш да бар. 

"Кыргызстандын карызы көп, а ИДПсы аз деп наалыбасаңар да болот. Ой түшүнүктү мындан ары өсүүгө багытташ керек", - деп аткаминерлерге кайрылды.