Кыргызстандын Улуттук банкы 30 жылдан бери инфляция менен гана алектенип келди. Бул тууралуу экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров бүгүн бизнес өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. 

"Экономикадагы баланстын жоктугу бизди рецессияга алып келди. Акыркы 30 жылда импорт экспорттон дээрлик үч эсе жогору турат. Экономиканы экспорт, каржылык-фискалдык механизм жана каржылык-насыялык саясат аркылуу өнүктүрү керек. Биздин Улуттук банк башында турган агенттер инфляция менен гана алектенишет. Ошол эле убакта АКШнын Федералдык резервдик системасы жумушчу орундарын түзүү жана экономиканын өсүшү боюнча жооп беришет", - деди ал.