Президент Садыр Жапаровдун бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунда көпчүлүк ишкерлер, айрыкча сырттан келген инвесторлор аларды коргоо маселесине тынчсызданышты. Бул боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушев жооп берип жатып, ишкерлердин коопсуздугу катуу көзөмөлгө алынаарын убадалады. 

"Кыргызстанда кызмат адамдары мамлекеттен уурдап алган каражаты менен өздөрүн ишкер көрсөткөн фактылары көп, ал башка ишкерлерге да терс таасирин тийгизип  жатканын жашыруу мүмкүн эмес. Биз мыйзамдуу ишкерлерди кантип коргоп калабыз? Ушул маселе олуттуу болуп турат. Президентибиз динамикалуу өлкө курабыз деди, баарыбыздын максатыбыз ошол. Бул сиздердин укукту милдеттүү коргоого да байланышкан. А сиздер чын көңүлдөн салык төлөп, мыйзамдуу бизнес менен алектенүүгө аракет кылыңыздар.

Биз сиздерди кантип коргойбуз? Ишеним телефондору бар, андан сырткары Башкы прокуратуранын сайтында онлайн-арыз жазуу бөлүмү иштеп жатат. Ага жазылган арыздарды мен жана менин жардамчым гана окуйт. Ошол күнү текшерүү башталат. Укук коргоо кызматкерлери мыйзамсыз текшерсе, жергиликтүү бийликтин мыйзамсыз иш аракеттерине туш болсоңуздар, бул жакка убара болуп келип арыз жазуунун кереги жок. Онлайн арыз жазып коюңуздар, даректи калтырыңыздар, дароо текшеребиз. Ким болбосун, мейли ал укук коргоо кызматкери, прокуратура кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлү болбосун, мыйзамсыз иш аракеттерге барса, кабарлаңыздар. Пара берүүдө буюм далили болушу керек, а мыйзамсыз текшерүүлөрдү биз топтолгон документтер менен эле аныктап коебуз.

Акыркы 8 айда болгону 85 ишкерден арыз түштү. Анткени, ишенбейсиздер. Укук коргоо органдары ич ара сүйлөшүп алышат да, үлүшүн алып ишти жаап салышат. Анан ортодо бизге кысым башталат деп ойлойсуздар. Андай болбойт. Биздин өлкөдө эч ким өзгөчө статуска ээ эмес, тиешелүү жазасын алышат.

Эгер ага да ишенбесеңиздер, менин жеке кепилдигим керек болсо, ар жуманын бейшемби күнү жеке кабыл алам. Өзүмө келип, маселеңиздерди айтыңыздар", - деди Курманкул Зулушев.