Ош облусунун Өзгөн районундагы "Сары-Таш" таш иштетүүчү ишкананын директору президент Сдыр Жапаровдун бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунда таш казып алуучу ишканалардын көйгөйүн айтып берди. 

"Биз таш казып алууга Мамлекеттик геология Агенттигинен лицензия алгандан кийин экинчи көйгөйгө туш болдук. Биз казчу жер жергиликтүү элдин үлүш жерлери экен. Алар жердин баасын өтө жогору баалашты. Биздин иштөөбүзгө уруксат берүүлөрү үчүн бири Бишкектен, бири Оштон батир сатып бергиле дейт, дагы бир автоунаа алып бергиле дешти. Айтор, коммерцияга айланды. Айыл өкмөт, жергиликтүү кеңеш буга эч кандай реакция кылбады, "эл макул болсо, анан бизге келгиле", - деп коюшту. Экинчи дагы бир маселе, биздин блок Өзбекстанга чыгарылып кетет. Алты ай сайын убактылуу блокту өлкөдөн чыгарууга тыюу салынат. Бирок алты айдан кийин биздин тыюу салууну узартуу боюнча өтүнүч документибиз каралгыча, ортодо 10-15 күн кетет да, ошол убакта блок чыгарылууга жетишет. Анан алар биздин чийки зат менен кайра бизге атаандаш болушат", - деди ал. 

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров 2022-жылдан баштап бир блокту чыгарууга 500 евро пошлина киргизилээрин белгиледи. 

"Тыюу салууну убактылуу кылуунун кереги жок. Бүгүнкү өкмөттүн позициясы ушундай. Кийинки жылы пошлина көбөйгөндөн кийин чийки затты чыгарып кетүү пайдалуу болбой калат. Ушул жактан иштетүү пайдалуу болот. Кудайдын берген ташын, суусун иштете албасак, бизде туруктуулук кайдан болсун. Тыюу салуу автоматтык түрдө узартыла турган механизм иштеп чыккыла", - деп Бажы кызматынын төрагасына тапшырма берди. 

Ошондой эле, заводдун директору заводдо учурда 10 миңге жакын жумушчу иштеп, 70 миң сомдон өйдө айлык алышаарын айтты эле, ага жооп катары Жапаров: ""Сиз жумуш орунун 20 миңге көбөйтүп, мага келиңиз, бардык маселелериңизди чечип берем. Өзүнчө жолугуңуз мага", - деди.