Кыргызстандагы фармацевтикалык заводдун жетекчиси Айсалкын Кыдыралиева өлкөдө дары-дармек өндүрүүгө такыр көңүл бурулбайт деп эсептейт. Ал бул тууралуу ал Садыр Жапаровдун бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди. 

"Пандемия дүйнөдөгү дээрлик бардык бизнеске терс таасирин тийгизди. Менин таң калганым - Кыргызстанда фармацевтикага көңүл бурулбайт. Дары-дармектердин 91 пайызы экспорттолуп келет, өзүбүздөн 9 пайызы гана чыгат. Бул деген акчанын көбү өлкөдөн сыртка кетерин түшүндүрөт. Бул доллардын баалуулугун бекемдейт. Анткени, импортко доллар менен төлөйбүз. Жашоого абдан керектүү дары-дармектер дээрлик чыгарылбайт. Бул өткөн жылдагы "кара июль" окуясында көрүндү. Азыр жашоого керектүү дары-дармектердин басымдуу бөлүгү өз өлкөсүндө чыгарылган Индиянын да вирус менен күрөшүүдө алы жетпей жатат. А биз эгерде ушул бойдон фармацевтикага көңүл бурбасак, андан жаман акыбалга кептелебиз. Дары-дармектерге коюлган НДС жогору. Муну менен биз өз рынокто жеңилип жатабыз. Жашоого маанилүү дары-дармектерди НДСтен бошотуу керек. Казакстанда 41 пайыз дары-дармекке НДС жок", - деди ал. 

Экономика министри Акылбек Жапаров бардык чийки заттар НДСтен бошотулаарын убадалады. 

"НДС сатууга коюлат же салыктын башка түрүнө которулат. Бул бизнестин башка түрлөрүнө карата да калыстык болуу үчүн жасалат. Баарын рыноктун шартында караштырабыз. Мен мисалы, жүрөк дарысын туруктуу ичип турушум керек. Анын баасы башка дарыларга караганда кымбатыраак. Буларды эске алуубуз керек. Экспортту импортко караганда көбөйтүүнү да талкуулашыбыз зарыл", - деди ал.