Президент Садыр Жапаров, экономика министри Акылбек Жапаров жана инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча Агенттиктин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун Кыргызстандын бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусу болууда. Анда Ысык-Көлдөгү "Ак Бермет" пансионатынын директору Акжолтой Насирдинов 2 ай иштеп, 10 ай тыныгууга туш келген эс алуу үйлөрүнүн маселесин көтөрдү. 

"Эки жылдан бери Ысык-Көлдөгү пансионаттар, эс алуу жайлары пандемиянын кесепетинен жакшылыктуу иштей албай жатат. Көлдө бир жылда болгону 1,5-2 ай иштейбиз, калган 10 ай тыныгууга дуушар болобуз. Курулуп даяр турган мекемелерди 12 ай иштетүүнү мамлекет колго алса экономикага чоң жардам болот эле. Калкка да туруктуу жумуш орундары түзүлмөк. Түз инвестиция тартууга да ыңгайлуу болмок. Ушул маселе чечилбегендиктен абдан кыйналып жатабыз. Ага карабай өз аракетибиз менен инвестиция тартып жатабыз, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен келишим түзгөн элек, бирок каражатты 4-5 айдан бери ала албай келатабыз", - деди ал. 

Ошондой эле, директор Ысык-Көлдө жумушчу күчү жетишпегенин, буга туруктуу иштин жоктугу жана маалында жумушчуларга 15-20 миң гана төлөй алышаары себеп болгонун белгиледи. Андан сырткары мүлк салыгы тууралуу да пикирин билдирди: 

"Биз 2 ай иштеп 10 ай тыныгабыз. Бирок мүлк салыгын 12 ай туруктуу иштеген мекемелердин катарында төлөйбүз. Бир гектар жерге салык 40 миң сомго барат, бул да биз үчүн кыйынчылыкты жаратууда. Аны жергиликтүү кеңештин депутаттары чечет экен, алар өздөрү каалагандай сумма коюп жатышат", - деди Акжолтой Насирдинов. 

Бизнес өкүлү көтөргөн маселеге Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттин менчигиндеги 205 ишкана болсо, анын 201и жылдан жылга ылдыйга чөгүп баратканын айтып жооп берди. 

"Ошондуктан, мамлекеттик мүлк системасын баштан аяк инвентаризация кылып, жаңы дем берүү зарылчылдыгы жаралууда. Мамлекет менен рынокту бириктириш керек. Азыр бул боюнча мыйзам долбоору парламентте турат, буйруса президентибиз кол коюп берсе, пайдасы тийбеген мамлекеттик мүлктөргө, мамлекеттик ишканаларга, имараттардын баарына рыноктун күчү менен жан киргизебиз. Бүт дүйнө ушул ыкма менен иштеп жатышат. Азыр коомчулукта туура эмес пикир жаралып жатат, мамлекеттин мүлктөрүн сатып жиберет экен дешүүдө. Андай эмес. Алар мамлекеттин менчигинде калат, болгону 49 жылга ижарага берилип, мамлекет менен бизнестин күчүн бириктиребиз", - деди Шыкмаматов.