Жогорку Кеңештин коммерциялык эмес уюмдар боюнча мыйзамы бир катар кесепеттерге алып келет. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди. Айтымында, бул экономикага терс таасирин берет. 

"Басмаканалар аз тапшырык алышат, официанттардын чайлык акысы азаят, мейманканалардын залы ижарага аз алына баштайт, кофейнялардын кардары сээлдейт, ижарага алынган кеңселер азаят, бир нече жүздөгөн жарандар жумушсуз калышат, ММК иш чараны чагылдырганы үчүн акы ала албайт, котормочулардын иши азаят, жарандардын активдүүлүгү ылдыйлайт. Мунун баары коммерциялык эмес уюмдардын каржылык жана чарбалык ишмердүүлүгүн ачыктоо боюнча мыйзам долбоорун колдоого алган депутаттардын келесоолугунун айынан болот. Экономикада баары бири бири менен байланышта. Бул мыйзам долбоору жумушсуздук көрсөткүчүн жогорулатат.

эми эмнеге коммерциялык эмес уюмдар бул мыйзамга каршылык көрсөтүп жатканын түшүнбөгөндөр үчүн:

-бардык бухгалтерия, банк эсептери, ошол эле мейманканаларга, кейтеринг-компанияларга, кеңседеги мүлккө, айлык акыларга которуулар ар кайсы жерде ачык жарыяланат, бул криминалдык чөйрөгө "акча табууга" көмөкчү болот;

-эч ким ЮСАИДдин кайсы бир билим берүү жаатындагы гранттын утуп алганы үчүн эле чет өлкөлүк агент жарлыгын тагынууну каалабайт;

-мыйзам активисттерди жана сын айткан адамдарды жаманатты кылууга мүмкүнчүлүк берет. 

Мындай мыйзам жашоо коопсуз болгон, жалаа жабуу жана дискриминация, активисттердин артынан аңдуу жок өлкөлөргө гана ылайыктуу", - деди депутат.