Бобчинский менен Добчинскийдей болуп окшошкон, ээрчишкен Акылбек Жапаров менен Тенгис Бөлтүрүк азамат экен. Азыркы күндө экөөсүнө кандай мактоо сөздөрдү айтсак да жарашып турат. Кыска убакыттын ичинде "Кумтөр" 40 млн. доллара киреше тапканга жетишти. Кендеги иш өз нугунда иштеп жатат. Иш ушундай темпте жүрүп олтурса, Акылбек Жапаровдун “Кумтөрдү" өзүбүз иштете баштасак, тышкы карыздардан кутула аларыбызга гарантия бере алам” деп айтканы ишке ашары деле реалдуу болот окшойт. 

Буга чейин "Кумтөргө" өзүңдүн билимиң, тажрыйбаң менен жумушка орношуу мүмкүн эмес болсо, бүгүн компания бош жумушчу орундарына сынак жарыялап, ар бир билими бар жарандар кенде иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Коомчулук, эл үчүн ачык компанияга айланды десек болот. Бул да болсо чоң жеңиш, чоң жетишкендик!  

Бул нерседен саясий атаандаштар, койнуна котур ташын каткандар эле кыйкым издеп, жаманды көрбөсө, башталышы элдин, өлкөнүң кызыкчылыгында баратканын танууга болбойт. Аягына чейин уланып, Кумтөр элибизге, мамлекетибизге иштесин!