Тилекке каршы, тамак-аш азыктарына, азык-түлүктөргө баалар жогору бойдон калууда. Атүгүл мындан ары да кымбатташы толук мүмкүн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылып, бааларды турукташтыруу максатында министрлик 8-июлдан тартып айыл чарба азыктарын сыртка чыгарууга тыюу салууну сунуш кылууда. Ага биринчи кезекте сугат суулардын таңсыктыгы, кургакчылык себепчи болууда. Документке ылайык, буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, ун, өсүмдүк майы, шекер жана жумурткаларды экспорттоону 2021-жылдын аягына чейин  токтото туруу каралууда.

Белгилүү болгондой, быйылкы кыштын жеңил, кардын аз болгондугу жазгы талаа иштериндеги технологиялык процесстерге терс таасирин тийгизбей койгон жок. Жай мезгилинин ысык болуусу абалды андан бетер оорлотууда. Буга кошумча коронавирус пандемиясы да азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга кедергисин тийгизет. Ошондон улам азык-түлүктөргө баалардын 6-70 %га чейин кымбаттоосу күтүлүшү мүмкүн.

Албетте, өкмөттүн жайдын ысыгына, кургакчылыкка шылтап, эч нерсе кылбай, зарыл чараларды көрбөй отуруп алганы болбойт. Тиешелүү иштерди жүргүзүп, ыкчам чараларды көрүп, алдын алуусу керек. Тамак-аш азыктарына баалар 70 %га чейин көтөрүлүүсүн карапайым эл, көпчүлүк  көтөрө албайт.

Булак: “Майдан. kg” гезити