Маалым болгондой, аталган сумманын жарымы кайтарымсыз грант түрүндө берилсе, жарымы 0,75 үстөк пайыз менен 38 жылга  берилген насыялык каражат. Насыя 2027-жылдан тартып төлөнө баштайт.

Эми бул каражатка Министрлер кабинети COVID-19га каршы вакцина сатып алып, аны менен калктын 45 %ын акысыз вакцинациядан өткөрүүнү пландоодо. Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен биринчи кезекте медицина,  социалдык чөйрө,  билим берүү тармактарынын кызматкерлери, улгайган адамдар, өнөкөт оорулары бар жарандар вакцинациялоодон өтүшөт.

Тилекке каршы, бизде сырттан келген насыя, грант акчалардын максатсыз, дарексиз жумшалып, кымырылып кетүү коркунучу чоң. Өткөн жылдагы пандемия маалында сырттан келген миллиондогон каражаттардын да максатсыз жумшалып кеткени айтылып, жазылып келет. Миллиондогондордун изи каякка сууп кеткенин таппай отурабыз. Айтарыбыз, 20 млн. доллар максаттуу жумшалсын. Каражаттын сарпталуусуна көзөмөл катуу болуп, бир долларына чейин ковид менен күрөшүүгө сарпталса дейбиз.

Булак: “Майдан. kg” гезити