Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун төрагасынын орун басары, кесипкөй финансист жана евразиялык интеграциялык долбоорлор боюнча эксперт  Олег Кудяков Кыргызстандагы туризм тармагы тууралуу көз карашын билдирди.

- Кыргызстан ондогон ар түрдүү экосистемдин, тоо кооздугуна, көптөгөн көл жана коруктарга ээ болуу менен туризми тармагын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктү кармап турат. Туризмдин күчтүү агымы биринчи кезекте Ысык-Көлдөгү эс алууга жана тоо саякатына бурулат. Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга каралган улуттук туруктуу стратегиясында экономиканын артыкчылыгы катары туризм жаатына басым жасалган. Башка өлкөлөрдөн келген туристтер кыргыз жеринин өзгөчө жаратылышына, климатына суктанышат.

Таң калыштуусу, ушундай мүмкүнчүлүгү бар өлкө туристтерден акча иштеп таппайт. Пандемияга чейинки жылдарда туристтик тармактын ИДПга кошкон салымы 5 пайыздан ашкан эмес. Ошондуктан, бул боюнча Кыргызстан КМШдагы 8 өлкөнүн ичинен 7, ал эми дүйнөнүн 175 өлкөсүнүн арасынан 164-орунга ээ болгон.

Эл аралык рыноктогу туристтик продуктыны калыптандыруу жагынан алып караганда, Кыргызстан азырынча чет өлкөлүк туристтерди кызыктыруучу  сунуштарды киргизе албайт. Мындан улам учурдагы кыргыз туризми жергиликтүү калк кошумча киреше таап алуусу менен гана чектелет.

Дайыма бул жааттын артта калышынын себеби катары каражаттын жетишсиздиги айтылып келет. 2015-жылы Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фонду түзүлгөндөн кийин бир катар долбоорлорду, анын ичинде туристтик да бар, ишке ашырууга шарт түзүлөт деген үмүт пайда болгон.

Фонд ишмердүүлүгүнүн башында, ар кайсы тармактарды изилдеп чыгып,  туризмди бир топ артыкчылыктуу деп тапкан. Биз туризмге инвестиция тартып, туура мамиле жасасак, жакшы жыйынтык берээрине ишенген элек. Туристтик тармагындагы долбоорлорду каржылоодо бир нече шарт койдук, алар: ылдыйкы пайыздык насыялар, узак мөөнөттүү насыялар, гранттык каражаттарды кеңешчилердин акысына жана башка чыгымдарга коротууга мүмкүнчүлүк берүү. Биз бул шарттар жаңы долбоорлордун жаралышына жардам берип, алар өз кезегинде тармактын алдыга жылышына түрткү болуп, эл аралык туристтерди чакырат деп ойлогонбуз. Мисалы, Ысык-Көлдө жылдын төрт мезгилинде тең иштей турчу отелдер курулуп, туристтерге кызмат көрсөтүүнүн кеңири түрүн, мыкты инфраструктураны же заманбап тоо лыжа курортторун сунуштайт деп күткөнбүз.

Бирок жергиликтүү бизнес чөйрөсү андай долбоорду сунушташпады. Бизге насыя алууга түшкөн арыздардын көбүндө Бишкекте эл аралык тармактарга кирбеген отелдерди, Ысык-Көлдө чоң эмес туристтик комплекстерди, конок үйлөрүн куруу айтылган. Бул сунуштардын кемчилиги көп. Биринчиден, өлкөнүн борбор калаасы популярдуу туристтик багыттарга кирбейт, бул жакка адамдар же иш менен же жалпы туристтик маршруттун алкагында гана келишет. Ансыз деле  борбор калаадагы бар отелдерде конок аз болот, орточо эсеп менен алганда жылына 30 пайыз гана, бул дагы бир топ белгилүү болгон мейманканаларга таандык көрүнүш. Жаңы отелдердин курулушу бул көрсөткүчтү жогорулатып жибербейт да. Ысык-Көлгө курула турчу чакан отелдер тууралуу айтсак, арыз ээлери аларды түндүк жээкке, туристтердин агымы көп болчу аймакка курууну пландаган. Бирок андагы кызмат көрсөтүү адаттагыдай эле эл аралык стандартка жооп бербейт, жылына эки ай гана иштөөгө ылайыкталган.

Мындай долбоорлор туризмди өнүктүрүүгө түрткү боло албашы түшүнүктүү эмеспи. Алар иштеп жаткан варианттарды көчүрүп алышкан, сунуштарында жаңы нерсе жок. Көп отелдердин жанына дагы бир отель курулса, мурдатан келип жүргөн туристтерди талашуудан башка пайда алып келмек эмес. Белгилей кетейин, Фонд  өзгөчөлөнгөн долбоорлорду колдоого алды жана каржылады. Алар башка өлкөдөн келчү туристтерге басым жасагандыгы жана тейлөөнүн жогорку деңгээлин тандап алгандыгы менен артыкчылыкка ээ болду. Анын бири Бишкекте эл аралык тармагындагы ири мейманкананын пайда болушун шарттады, экинчиси Ысык-Көлдө көлөмү боюнча орто, а кызмат көрсөтүүсү жогору комплексти пайда кылды. Үчүнчү долбоор Нарын облусунда эл аралык деңгээлдеги замандап отель курууну сунуштаган болчу.

Туристтик тармакка инвестициянын келбей жатышынын башкы себеби каражаттын жоктугунда эмес, рынокто сапаттуу бизнес-долбоорлордун жоктугунда. Мындай долбоорлор биринчи кезекте чет өлкөлүк туристтерге ылайыкталышы керек. Көптөгөн инвесторлор каражатты колуна кармап алып, пайдалуу долбоорлорду издешет, эгер табышса аны ишке ашырууга акча аянбайт. Ошондуктан, туризм тармагынын көйгөйү катары инвестициялык ресурстун аздыгын айтуу жаңылыштык. Акча өзүн актаган бизнес-долбоорго жумшалышы керек, болбосо насыя берүүчү үчүн да, экономика үчүн да чыгаша болот.  Суроону туура берели – Кыргызстандын туристтик тармагында сапаттуу, узак мөөнөттүү бизнес-долбоорлордун пайда болбой жатышынын себеби эмнеде?

Мисалга алыс барбай жакынкы Өзбекстанды, Грузияны келтирсек болот. Бул өлкөлөрдө акыркы жылдары чет өлкөлүк туристтердин саны көбөйдү. Анткени, маданий туризм, экотуризм, кышкы туризмге басым жасашты. Мында мамлекеттин аракети күчтүү болушу керек. Бул жаатагы ар кандай  тоскоолдуктар жоюлса эле, акырындык менен Кыргызстандын туристтик тармагына каражатын салууга даяр болгон инвесторлор жана насыя берүүчүлөр чыгат.