Өлкөбүздүн энергосектору “өлбө жаным, өлбө” дегендей абалда экендиги жашыруун эмес. Тармактын карызы асмандын башын чапчыйт. Энергетика жана өнөр жай министрлигинен энергетика тармагынын карызы канча экендиги маалым болду. Учурга карата карыздын өлчөмү 129,1 млрд. сомду түзөт. Карыздарды төлөөнүн пик маалы 2025-жылга туура келет. Бул жылы карыздарды жабуу үчүн мамбюджеттен 14,3 млрд. сом бөлүнүшү зарыл.

Ошол эле мезгилде электр энергиянын киришеси чыгашасын өп-чап абалда жаап келүүдө. Тармактагы жабдуулардын, тетиктердин 70 пайызынын эскилиги жеткен.

Булак: “Майдан. kg” гезити