“Мамлекеттик ипотека компаниясы атына жараша заты дегендей татыктуу иш алып барышы керек эле. Бирок, иш жүзүндө аныкталгандай, дарыгерлер менен мугалимдердин айлыктары банктар талап кылган кирешелердин суммасына жете бербегендиктен, бир топтору үй алсам деген максатынан майнап чыкпайт го, - деп маанайы пас болуп калышкан.  Ошондуктан, мамлекеттик кызматтагылардын кирешеси чакталуу болгондуктан, турак – жайга насыя алууда баштапкы биринчи төлөм жагынан жеңилдик берилип, мындай алгачкы эсептешүүлөр болбосун деген демилгелер көтөрүлүүдө”, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Ал бул тууралуу  “Парламент” радиосуна берген маегинде билдирген. 

Ипотекалык насыялардын үстөгүн 4 пайыз менен эсептөө элге оорчулук келтирбес эле. Ушул жагын сунуштаган пикирлер  демилгеленүүдө. Антпегенде, 8 пайызга чейинки эсептешүүлөр ортодогу банктардын маржаларын кошо камтыгандыктан, мамлекеттик кызматкерлердин басымдуу бөлүгү үчүн үйлүү болуу кол жеткис болуп  калууда, - дейт ал.