Кумтөр кенин иштетип жаткан "Центерра Голд" жана анын дочерний фирмасы "Кумтөр Голд Компанинин" ишмердигин текшерүү боюнча президент Садыр Жапаров түзгөн мамлекеттик комиссия, анын башында турган Акылбек Жапаров жана орун басары Динара Кутманова, Акаевден баштап Жээнбековго чейинки президенттер баш, аткаминерлер төш болушуп кыянаттык кылышкан. Элдин ырыскысын кемирип жешип, өз элине чыккынчылык кылып жүргөндөрү колу коюлган документтер, фактылар менен далилденди.

Натыйжада, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгышты, кыска убакытта алгачкы отчетун беришти. Чынын айтыш керек, бомба жарылгандай эле болду. Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан "мен дагы комиссиянын мүчөсүмүн" деп алгачкы сөздү алып сүйлөгөн депутат Рыскелди Момбековдун баяндама сөзүнүндө Кумтөр маселесин эмес, Акылбек Жапаровдун өздүк ишин карап жаткансып, аны жамандап, акырында "Кумтөрдү улутташтырыш керек" деп түшүп кетти.

Ал ортодо алып барып жаткан модератор дагы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир ооз сөз айтып койгонго жарабады. Болбосо "урматтуу депутат, бул жерде Акылбек Жапаровдун ишин талкуулап аткан жерибиз жок, Кумтөр маселесин карап жатабыз" деп айтышы керек эле. Акылбек Жапаровду канчалык жамандабайлы, моюнга алчу дагы жагдайлар бар. Ал мамлекетте бирден-бир билимдүү, кесипкөй, дасыккан экономист экенин ким танат?

Мына ушул Акылбек Жапаров, Динара Кутманова баштаган комиссия Кумтөрдү иликтепжиликтеп, 4 миллиарддан ашуун доого жыгып, бүгүнкү күндө убактылуу болсо дагы өзүбүз иштетип жатканыбыз – бул биздин алгачкы утушубуз эмей эмне? Мамлекеттик комиссиянын башында Акылбек Жапаров туруп, Кумтөр кенин кыргыз элинин жыргалчылыгына иштетем деп атып, көп душман күткөнүнө карабай, баарына кайыл болуп, Кумтөр афёрасына аралашкан президенттерден баштап аткаминерлерге чейин коррупцияга аралашып, элге чыкынчылык кылгандарын ачык алып чыкты го?

Кээ бир Кумтөрдө акциясы бар, коррупцияга аралашкандар, алардын жакындары жана туугандары Акылбек Жапаровду төөбастыга алышып, элге жек көргөзүүнүн үстүндө иштеп жатышат. А чынчынында Акылбек Жапаров болбогондо Кумтөр маселесин мынчалык деңгээлде эч ким алып чыга да албайт болчу.

Ошондуктан, Кудайдын ушунусуна дагы шүгүрчүлүк кылып туралы 2012-жылы Садыр Жапаровдун комиссиясы далилдүү фактылар жана маалыматтар менен текшерип келген жыйынтык отчетун кабыл албоонун аракетин кылып, андан кийин "биз кыйратабыз" деп Алмазбек Атамбаев көшөгөнүн артында туруп, Темир Сариев башында болуп, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия түзүшүп, жеринде текшерип жазып келген отчетторунун мааниси жок, аягына чыкпай орто жолдо калды го?

Көрсө, "Центерранын" жетекчилери менен биригип алып Алмазбек Атамбаев ошол кездеги спикер Асылбек Жээнбеков болуп коррупцияга аралашкандары эми билинип отурбайбы? Урматтуу кыргыз элим! Президентибиз Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Теңгиз Бөлтүрүк жана Динара Кутмановалар Кумтөрдү 3-4 вариант менен жети өлчөп, бир кесип иштеп коюшту.

Демек, Кумтөр кени кыргыз элинин келечегине иштээрине аз убакыт калды. Болгону биз бөйрөктөн шыйрак чыгарбай, бузукуларга ишенбей, президентибизди жана анын тегерегиндеги ишбилги мыктыларды колдоп туралы!


 

URL: https://www.vb.kg/kg/723