Бул тууралуу Органикалык айыл чарба департаментинин директору Бактыгүл Аскералиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда республика боюнча 105 пилоттук чарба, андан тышкары 13 органикалык аймак бар. Бирок аларда сертификат жок болгондуктан, азырынча экспортко чыгыша элек.

«Экспортко чыгууга укуктук-ченемдик жагдайлар тоскоолдук кылып жатат. Биздин мыйзамдын 2-редакциясы күчкө киргенден кийин сертификат берүүчү орган ачышыбыз керек. Бул жеке компания болот, же Кыргызстандарттын бир бөлүгү болот. Сертификат берүүчү орган ачылгандан кийин фермерлер сертификат алып, экспортко чыга башташат», — дейт ал.

Бактыгүл Аскералиева пилоттук чарба болууну каалагандар Департаментке арыз менен кайрылса болорун билдирди.

«Бизге телефон аркылуу, соцтармак, же электрондук дарегибиз аркылуу кайрылышса болот. Биз ар дайым кызматташууга даярбыз. Арыз менен кайрылышса, биз алар кайсы органикалык өсүмдүктү өндүрүп жатканын текшеребиз. Анан өзүбүздүн био каражаттарды беребиз», — деди  Органикалык айыл чарба департаментинин директору.

 

Марал радиосу