"Кумтөрдө" кызматкерлерди кыскартуу болбой турганын "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди. 

"Биздин максатыбыз - "Кумтөрдү"  Кыргызстандын бүтүндөй тоо кен өнөр жайы үчүн жумушчу күчкө айландыруу. Биз компанияны профессионал - техникалык жана лидерлик тажрыйбасы бар  кадрлар резерви менен камсыздайбыз. Компания кызматкерлерин кыскартпайт, тескерисинче көбөйтөт", - деди ал. 

Ошондой эле, айтымында компания мындан ары жаштарды колдоо программаларына көңүл бурат, билимди сынап көрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, студенттерге окуу жайды аяктагандан кийин карьера түзүүсүнө жол салат. 

Ал белгилегендей, күн сайын ага кыргызстандыктар "Кумтөргө" жумушка орношуу маселеси менен кайрылып жатышат. Кадрлар сынак аркылуу кабыл алынат. Вакансия тууралуу маалымат компаниянын сайтына жакында жайгаштырылат.