Улуттук банк "Кумтөр" алтын кенинде өндүрүлгөн алтынды сатып алууга даярбы? Мындай суроону бүгүн парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго узатты. Ошондой эле, он килограммдык сатып алуу болбогондуктан, акча каражатын да чечип алуу керектигин белгиледи. 

"Улуттук банк алтын сатып алуу боюнча приоритеттүү укукка ээ. Резерв жетиштүү, бирок азырынча бизге алтын сатып алуу боюнча сунуш келе элек", - деди төрага. 

 Андан ары депутат Улуттук банк алтынды кайсы жерде, Кыргызстанда же Лондондо сактай турганына кызыкты эле, төрага резервдер тууралуу жалпы жонунан айтууга мүмкүн болгону менен өлкөнүн эсеби кайсы жерде жайгашканы жөнүндө ооз ачууга укугу жоктугун билдирди. 

"Бул мамлекеттик сырга кирет", - деди Абдыгулов.