- Кумтөр. Бул долбоор башталгандан бери чыры бүтпөй келе жатат. Көп жылдардан бери бул долбоордун ишине көңүл буруп келем. "Кылым аферасы" деп бекер айтышпайт. Казгандан көрө,  казбай койгон көп пайдалуу болмок. Качандыр бир кезде кыргыз тарап өздөрү иштете алышмак. Адаттагыдай эле, Кумтөр долбоорунун башында турган кыргыз башчылары - бул кен кыргызга чоң ийгилик алып келет деп ишендиришкен. Чын эле, проект таза ишке ашканда, кыргыз экономикасынын катализатору болмок. Мисалы, Россия, Казакстан углеводород запастарын сатуу менен экономикасынын башка тармактарын, социалдык блокту кармап келишет.

Кумтөр эмне берди?  Салык, Кыргызстандын бир аз үлүшү, аймакка бир аз демөөрчүлүк жардам. Жада калса жолдорду да курушкан жок. Бир да башка тармакты өнүктүрүп кете албады. Саналуу жумушчу күчтөрүн, энергияны, бир аз тамак-аштарды гана алганы болбосо. Уюлдук компаниялардан да аз салык төлөгөн жылдар болгон. 

Жакында бир видео көрдүм. Апсамат Масалиевдин сөзү. "Кумтөрдү кыргыз экономикасынын ИДПсына жасалма түрдө кошуп жатасыңар" деген.

Бул чындык. Кумтөр башталгандан бери КР статистикасы Кумтөр өндүрүш көлөмүн ИДПга кошуп көрсөтүп келет. Азыркы маалыматтар боюнча кыргыз тарап отуз жылга чукул аралыкта 2 млрд. долларга жакын гана каражат алган экен. Салыштыруу үчүн, кыргыз мигранттары бир жылда официалдуу каналдар менен 3 млрд. доллар которушат. Официалдуу эмес жолдор менен мындан кем эмес суммада.

Азыр Кумтөр окуялары баш айланткан тездик менен өнүгүп жатат. Коомчулукта бир эле учурда эйфория, кооптонуу, жактоо, каршы чыгуулар. Кумтөр маселеси кандай чечилбесин, баары бир кыргыз тарап утулушта болот. Алтын эртеби-кечпи түгөнөт. Аны кайсы тарап иштетпесин. Экологиялык проблемалар узак жылдарга калат. Жок дегенде, азыр айтылып жаткан экологиялык айыппулду өндүрүп алсак, кандайдыр бир деңгээлде компенсация болмок.

Тарыхты артка кайрууга мүмкүн эмес. Бирок Кумтөр келишимин түзгөндөрдүн, аны кайра-кайра узартып, кыргыз тараптын үлүшүн кайырчыга садага бергендей абалга алып келгендердин дээрлик бардыгы аман-эсен. Көбү дагы эле саясатта. Кумтөргө тиешелүү чиновниктерди текшерип, керек болсо камайбыз деген маалымат кетти. Мүмкүн, биринчи кезекте ушул иштен башташ керек эле. Аларга суроолор өтө көп. Андан кийин, толук даярданып, информацияны толук камдап туруп,  Кумтөр компаниясын айыпка жыкканда, мындан да ишенимдүү болмок. Бирок ийгиликтин эрте-кечи жок. Мейли башталдыбы бул процесс, башкалар жазып жаткандай, артка эми жол жок. 

Сейдалы Мырзакматов, экономист