Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Акылбек Жапаров Centerra Gold Кыргызстандын мамлекеттик ишине активдүү кийлигишип жатканын белгиледи. Эске салсак, Жапаров "Кумтөр" ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы. 

"Канадалык компания көп жылдан бери айрым саясатчыларга карьера жасоосуна жардам берди, кээ бирин премьер-министр, ал турмак президенттикке чейин жеткирди. А айрым активисттер, саясатчылар компанияны сындайм деп абакка түшүштү. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков бир жарлыгы менен эле Centerra Gold компаниясына болгон доодон баш тарткан. Анын суммасы 22,5 миллиард сом болчу. Кен боюнча комиссия түзбөгөн жалгыз президент Роза Отунбаева болду, бирок ал эгер кааласа Убактылуу өкмөттүн бир декрети менен эле Кумтөрдү улутташтырып кое алат болчу", - деди Жапаров.