- Экономиканы өнүктүрүүнүн бирден бир жолу - бул ички керектөөнү көбөйтүү, калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуучу жана ички керектөөнү өстүрүүчү ишчараларды аткаруу...  Мына ушул максатта жеңилдетилген кредиттер, ссудалар берилет, өндүрүлгөн продукцияларды сатып алууда кардарларга ар кандай жеңилдиктер берилет, бөлүп-бөлүп төлөп берүү жолдору каралат... Калк канчалык көп продукция сатып алып керектесе, экономика ошончо өсөт...  Аш-тойлорго чектөө койобуз, мал сойдурбайбыз деп жаткан депутаттар экономиканын ушул негизги мыйзамын түшүнбөйт окшойт деген ой келет...  "Чылпагын алам деп көзүн чукугандай" - эле сунуш болуп жатат, түшүнгөн кишиге...  Адегенде өз сунуштарынын экономикалык жана социалдык кесепеттерин эсептеп чыгышса жакшы болоор беле...  жалаң эмоцияга басым жасабай...