- Айданбек байке, Октябрь райондук соту экологияга келтирген зыяны үчүн “Кумтөр” 261,7 млрд. сом (дээрлик 3 млрд доллар) төлөсүн деген токтом чыгарды. Эми алар көрсөтүлгөн сумманы төлөйбү же төлөбөй кутулуунун жолун издешеби?

- Төлөбөөнүн амалын кылышат. “Центерранын” реакциясын байкадым, алар Эл аралык арбитражга барабыз дептир. Демек, кыргыз тарап Эл аралык арбитражга даяр болуп турушу абзел. Кыргыз тарап өзүнүн позициясында бекем болуп, бул ишти аягына чыгарыш керек.

- Баса, бизнес-Омбудсмен “аларды доого жыгып, төлөмөр кылсак Кыргызстандан инвесторлор качат”,- деди го? Эми инвесторлор качат экен деп табийгатыбызды талкалатып, экологиябызды буздуруп отура беришибиз керекпи?

- Бизнес-Омбудсмен кызматына жараша сөзүн айтты. Биз Кыргызстандын кызыкчылыгына жараша аракет жасашыбыз керек. Кыргызстандын кызыкчылыгы “Кумтөр” кенинде тарыхый адилеттүүлүктү камсыз кылуу. Кыргыз элинин байлыгы болгон кенди талап-тоноону токтотуу жана буга чейин таланып-тонолгонду жарым-жартылай болсо да калыбына келтирүү. Кыргызстан азыркы кезде абдан кыйчалыш абалда турат. Бардык алтын кендер Кыргызстан жана кыргыз элинин кызыкчылыгында иштеши керек. Тилекке каршы, ушул кезге чейин баары тескерисинче болуп келатат.

- Эгер “Кумтөрдү” иштеткен компания кыргыз бийлигин эл аралык сотко берсе, жетиштүү далилдерибиз барбы?

- Кыргызстан бир гана экологиялык зыянды эмес, экономикалык зыянды да айтышы керек. Жыл сайын “Кумтөрдөн” 1 млрд. доллардын тегерегинде алтын казылып алынат. Кыргызстан бюджетине төлөгөнү болгону 80-90 млн. доллар? Адилеттүүлүк кайда? Эмне үчүн мындай адилетсиздикке жол берилиш керек? Бул коррупциялык келишим экени баарына белгилүү. өзгөчө Акаев учурундагы, 2003-жылдагы көз боемочулукка көңүл бурулуш керек. Анда Акаев, Танаев жана канадалык аферанын негизинде Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшү 75%дан бир заматта 32% түшүп калган...

Экологиялык зыян боюнча биздин экологдор жетиштүү материалдарды даярдап, аны алып чыгууга жарайт деп ойлоймун.