Кыргызстандын тышкы карызы миллиарддаган долларларды чапчый тургандыгы баарыбызга маалым. Ѳлкѳнүн финансы министрлиги ушул жылдын февралы айына карата мамлекеттик (ички, тышкы карызды кошкондо) карыздын үлүшү бир адамга канчадан туура келерин билдирди.

Маалыматка ишенсек, мамлекеттик карыздын бир адамга үлүшү 2021-жылдын февраль айынын жыйынтыгы менен 745,6 долларды түзгѳн. Жалпы алганда, карыздын суммасы 4 млрд. 948,57 млн долларга жеткен. Анын 4 млрд. 212,41 млн. доллары тышкы карыз болсо, 736,16 млн. доллар ички карыз болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, тышкы карыздарды тѳлѳѳнүн эң пик учуру 2021-2023-жылдарга туура келери буга чейин айтылган.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити