-Ташболот агай, электр энергиясы менен кошо жол кире да кымбаттай турган абалга келдик. Эл бардык тармактагы кымбатчылыкты көтөрө алабы?

-30 жылдан бери көтөрүлтпөй күч менен кармап келе жаткан электр энергияны 100 пайызга кымбаттатканы жатышат. Бирок пенсия, пособиени жана айлык акыны жогорулатканга мамлекеттин акчасы жок. Казына бош. Өндүрүш жок. Жумушсуздуктун айынан Москвага жумуш издеп кеткен Кыргызстандын мигранттары көптүгү боюнча биринчи орунду ээлейт экен. Тагыраагы, Москвадагы мигранттардын 30 пайызын кыргызстандыктар түзөөрү айтылды.  Кыскасы, туш тараптан курчаган кризистин айынан мамлекеттин экономикалык деңгээли болуп көрбөгөндөй начар абалга кептелди. Казынанын боштугунан жана  инфляциянын эсебинен кымбатчылык күндөн-күнгө өсүп жатат. Элдин эң көп колдонгон суу май бир жылдын ичинде 76 пайызга өстү. Күнүмдүк керектөөчү товарлардын да баасы баштагыдан кыйла жогорулады. 36 сомдук күйүүчү май 50 сомго чыгып, айдоочулар айласы кеткенде жол кире акысын жогорулатып берүүнү өтүнө башташты. Кыскасы, кымбатчылыкты комплекстүү карап, өкмөт элдин жонунан кайыш тилдирбей абалдан чыгуунун жолун  табышы керек. Болбосо кырдаал мындан да оорлоп кетиши мүмкүн.