-Электр энергиясына болгон тариф жогорулайт дегенден бери коомчулукта түрдүү кептер айтылууда. Адистер  тарифти жогорулатуудан башка айла жок экенин айтышууда. Абалдан кантип чыгышыбыз керек? 

-Менимче, азыр абал чыны менен оор! Катар келген кризистен чыгуу үчүн Өкмөткө сабаттуу, экономиканы көтөрө турган кадрларды алып келишибиз керек! Тагыраагы, өкмөткө абалды  туура түшүндүрө турган, эл ээрчий турган  сапаттарга бай кадрлар аба менен суудай керек. Жаштар келсин дей берген болбойт, анткени алар үйрөнүп тепкич менен өсүшү керек деп ойлоймун.  Азыр кыйчалыш мезгилде убакыт жаш, кары, мурункулар дегенди күтпөйт! Азыр чынында экономика акыркы чегине жетти. Электр энергетика тармагы да суунун аздыгынан жана тетиктердин эскилигинен кризиске кептелди. Ошондой эле айыл чарбасында дагы кризис, чек ара маселеси да орчундуу бойдон калууда. Тышкы карыздар да бар. Кыскасы, туш тараптан күч алган кымбаттоонун бардык түрүн эл көтөрө албайт! Ал аз келгенсип, айдоочулар да жол кирени көтөртүүнүн аракетин көрүп жатат. Пенсия, пособие, айлык акы жогорулабаса эл кантип кымбатчылыкка түтөт эле. Ошон үчүн абалдан иш билги, тажрыйбасы мол, мыкты кадрлар гана  жолго салат. Ошондуктан, өкмөт тезинен катарын мыкты кадрлар менен толукташы керек.