Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевдин айтуусу боюнча, быйыл электр энергияларынын таңсыктыгы 3 миллиард киловатт-саатты түзөт. Ал эми кийинки жылдары таңсыктык тез эле 4-5 миллиард квт. саатка жетет. Же Токтогул ГЭСи бир жылда иштеп чыгарган электр энергияларынын көлөмүнө барабар боло баштайт. Ал эми элдин, эл чарбабыздын электр энергияларын керектөөсү жылына 5-6 пайызга  өсүүдө. Аны жабуу үчүн Кыргызстан Казакстандан 1 миллард квт. саатка жакын электр энергияларын сатып алууда. Кудай сактасын, кокус быйылкы кышкы сезонго карата  Токтогул суу сактагычында 18,5-19 миллиард кубометр суу топтолбой калса, өлкөбүз эң эле кыйын сыноолорго туш келүүсү ыктымал. Ошондуктан сырттан сатып алган электр энергияларынын бир бөлүгүнө кеткен чыгымды болсо да жабуу үчүн Өкмөт электр энергияларынын тарифин кайра кароо демилгесин көтөрүүдө. Анткени, Кыргызстан Казакстандан 1 квт. саат электр энергиясын 5-6 центтен сатып алып, элге  ички тарифтин негизинде кайра 77 тыйындан, 2 сом 16 тыйындан сатып, чоң чыгымдарга дуушар болууда.

Тилекке каршы, тармактын көйгөйлөрү баа саясатында  гана эмес, андагы көз карандысыздыктан бери топтолгон маселелерде. Энергетика тармагы биринчи качкын президенттин убагында шайлоолордогу, референдумдардагы негизги рычагдардын биринин милдетин аткарып келген. Эл Акаевди же Баш мыйзамдын ал сунуштаган  долбоорлорун колдогондугу үчүн электр энергиялары боюнча карыздарды кечип, аларды  энергетика министрлигиндегилер “техникалык жоготуулар” катары “списать” этип таштачу. 1995-2004-жылдарда электр энергияларындагы “техникалык жоготуулар” 35-40 пайызга чейин жеткен. Эгерде алардын баардыгынын акчалары өндүрүлгөндө, ал акчаларга жаңы ГЭСтерди да курса болмок. Бирок, бирок... ал убактагы мүмкүнчүлүктөрдүн баары ошол мезгил менен кетип, андан кийинки бийликтегилер да  энергетика тармагы аркылуу популисттик кыла беришкенден улам азыр “Электр станциялары” ААКсынын сырткы карыздары 110 миллиард сомго жетип, тармак чындыгында банкроттук абалга жакындап калды. Бишкек ЖЭБи да ошол “Электр станциялары” ААКсы Кытайдын “Эксимбанкынан”  алган кредиттин эсебинен “модернизацияланган”.

Ошентип, ачык айтканда, өлкөбүздүн энергетика тармагынын абалы аябагандай оор.  Эгерде Өкмөт тарабынан шашылыш чаралар көрүлбөсө, тармак биротоло кризистик абалга батып, калкты электр энергиялары менен камсыз кылуу чоң көйгөйгө айлануусу мүмкүн болуп баратат. Мындай абалдан кантип чыкса болот?

Бирөөлөргө жагабы, жакпайбы, каалайбызбы, жокпу, мындай кризистик абалдан  чыгуунун биринчи жолу - электрэнергияларына тарифти кайра карап, аларды рационалдуу мүмкүнчүлүктүн чегинде көтөрүү зарыл. Азыр Борбордук Азиядагы республикалардын арасында эң арзан тариф Кыргызстанда, дүйнөлүк баанын жарымына да жетпейт. Эгерде бюджеттин эсебинен жаңы ГЭСтер курулуп, электр энергиялары ички керектөөдөн ашыкча өндүрүлүп, арткандары сырттагыларга дүйнөлүк баада сатылып, анын эсебинен тармактын ички чыгымдары жабылып турса, кыйынчылыктар болмок эмес. Мында,  албетте, “электр энергияларына баа көтөрүлсө, элдин социалдык жактан аярлуу катмарынын абалы кандай болот?”- деген суроо туулат.

Убагында Данияр Үсөновдун өкмөтү электр энергияларына бааны көтөрүп, элдин социалдык жактан аярлуу катмарына компенсация төлөөнү сунуштаган. Биздин ага же ал жетектеген өкмөткө эч кандай симпатиябыз жок, актоодон да алыспыз, бирок ал экономикалык, социалдык жактан эң туура сунуш болгондугун моюнга алуу керек. Өкмөт велосипедди ойлоп чыгарам деп кыйналбастан ошол долбоорду эле алып, азыркы шартка ылайык айрым өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алуусу зарыл. Электр энергияларына баа көбөйтүлсүн, ал эч кимге жакпаган менен зарыл чара, андан башка оптималдуу вариант  жок, бирок ошол эле убакта көп балалуу үй-бүлөлөргө, багар-көрөрү жокторго, социалдык жактан аярлуу катмарларга, кирешелери аз пенсионерлерге көбөйтүлгөн бааны толук  жапкыдай компенсациялык төлөмдөр киргизилсин. Ал эми кирешелери көптөр кандай тариф киргизилсе да толугу менен төлөөлөрү зарыл. Скандинавия өлкөлөрүндө калктарынын социалдык жактан аярлуу катмарларын колдоо үчүн 50-70 пайыздык салык колдонулат, андай чараларга бир да бай каршы чыкпайт, алардын парламенттеринде  жалаң элдин аярлдуу катмарларын колдоону жакшыртуу чаралары талкууланат, анткени, бир эл болгондон кийин боордошторуна тапкандарынан бөлүшүүнү алар ыйык вазийпа катары эсептешет. Тилекке каршы, биздин байлар, оокаттуулар байышкан сайын элге, мамлекетке аз бергилери келишет. Мындай абал, маанай түп тамырынан жоюлуусу зарыл. Эгерде мыйзамдуу түрдө жоюлбаса, мыйзамсыз түрдө кандай болорун дүйнөлүк  тажрыйба, анын ичинде Кыргызстандагы өңкөрүш-төңкөрүштөр да көрсөтүп келатат. Бул биринчиси.

Экинчиси, өлкөбүз азыр өз күчү менен чоң  ГЭСтерди кура албайт, ага каражат жок, бирок Тажикстандын ыкмасын колдонсо, каражат тапса болот. Ал эми майда ГЭСтерди куруу райондор түгүл, айрым айыл өкмөттөрүнүн, ишкерлердин деле колдорунан келет. 1960-жылдарга чейин Кыргызстан майда ГЭСтер менен эле жашап келген. Аларды колхоздор, совхоздор деле өз күчтөрү менен курушкан. Алардын чоңураактары бир-экиден чарбанын, тегирмендей өтө кичинелери бирден чоң айылдын элин жарык менен камсыз кылууга жеткен. Эгерде тарифтер кайра каралып, эл да, мекеме уюмдар да электр энергияларын үнөмдүү пайдаланууга өтүшпөсө, инвесторлордун жардамы менен тезирээк чоң, ички резервдердин эсебинен чакан жана майда ГЭСтерди куруу колго алынбаса, анда жакынкы жылдарда жарыксыз калышыбыз мүмкүн болуп баратат.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити