- Эрнест мырза, президент Садыр Жапаров энергетиктерди кабыл алгандан бери тарифтер жогорулайт деген маалымат тарай баштады. Президент энергетиктерге бааны жогорулатуу боюнча тапшырма бердиби же чектөөлөрдү алуу боюнча сунуш  бердиби?

- Президент Садыр Жапаров энергетиктер менен жолугуп, 700кВт. саат чектөөнү алып, бааны түшүрүү боюнча тапшырма берди. Мен президенттин бул сунушун  колдойм. Тагыраагы, энергетикага болгон бааны жогорулатуу үчүн эмес, төмөндөтүү боюнча тапшырма берди. Кыскасы, президент ошондогу кайрылуусу менен энергетикадагы мафияга күрөш жарыялады десек туура болот.

Негизи электр энергетикасы коммерциялык же экономикалык эле тармак эмес. Электр энергетикасы элдин жашоо турмушуна жардам бере турган  - социалдык-экономикалык тармак. Ошон үчүн баасын төмөндөтүүнүн жолун сунуштаганыбыз оң.

- Президент электр энергиясына болгон бааны төмөндөтүү үчүн тапшырма берсе, эмнеге элдер жайкысын 1 сом 48 тыйындан, кышкысын 2 сом 29 тыйындан төлөйт экенбиз деп ызылдап жатышат?

- Президенттин тапшырмасын аткарыш үчүн, министрликтер, өкмөттүн мүчөлөрү радикалдуу реформаларга барышы керек. Биринчиден, 1990-жылдарда кирген приватташтыруу программасынан чыгып, тармакты бириктирип, ортомчу фирмаларды жок кылуу зарыл. Ошондо жылы бою тарифти төмөндөтүп, жалпы элге 1 сом кылсак 1 кВт. саат тармакка 100 млн. доллардан киреше түшөт. Тагыраагы бааны жогорулатпай, төмөндөткөндө ушунча киреше кирет.

Чынында президент айткандай, буга чейин тармактын кирешелери чоңдордун чөнтөктөрүнө түшүп келген. Байкасаңар керек, тариф саясатын жүргүзгөндө, өкмөт, министрлик, эч качан ортомчулар жөнүндө бир дагы сөз айтышчу эмес. Анткени, тармактын кирешеси ошолордо. Аларды жоюп, тармакты мамлекет деген бир кожоюн башкарышы керек. Кыскасы, бул тармакты мамлекет натыйжалуу башкарса, абалдан чыгып кетебиз. Ага жаңы Конституция шарт түзөт.

- Сиз сөз кылган тармакты кантип бириктиребиз? Аны кантип туура жолго салабыз? Кантип мамлекет деген кожоюнга башкартабыз?

- Эгерде  жабдыктарды (турбина, генератор, подстанция, котелдор, чубалгылар жана башканы) өзүнчө калтырып, ГЭСтердеги сууну плотинасы менен өзүнчө бөлүп, Мамлекеттик суу ишканасын ачып, ага өлкөбүздөгү баардык суу сактагычтарды кошуп, 1 куб сууга баасын коюп, тармактарды бириктирсек, мамлекет дагы жылына 100 млн. доллардын тегерегинде киреше табат. Бириккен энерготармак биздин эсебибиз боюнча аз дегенде 5 млрд. доллар турат. Ошол акчанын жарымына - 2,5 млрд. долларын баалуу кагаздарды чыгарып (мамлекеттик облигацияларды), элге арзан таратсак, мамлекет 3 жылдын ичинде 2,5 млрд. доллар накта каражатты ички инвестициядан табат. Ошондой эле Кара-Кечеге жылуулук электростанциясын куруш керек. Эки жылдын ичинде станциянын жарымы (600 мВт) иштей баштайт. Кыргызстанды 3 жылдын ичинде электр энергияга толук өткөрсөк болот. Бул учурда бизге импорттолгон энергоресурстардын кереги жок болуп калат. Тагыраагы, Кыргызстан жылына  800 млн.доллардан ашык каражатка башка өлкөлөрдөн (жаратылыш газ, суу газ, бензин, көмүр, мазут ж.б) энергоресурстарды алып келген каражат мамлекетибизде калат. Кара-Кече ТЭЦ ишке ашса, Кыргызстан өзүнүн өндүрүш экономикалык контурун түзүп алат. Өкмөт бюджеттеги, казынадагы акчаны каякка сарптайбыз деп  калат буюрса. Кыргызстанды электр энергияга өткөрсөк, эки ЖЭБди (Бишкетикин жана Оштукун) жапсак болот. Эки жылуулук станциянын ордуна өзүбүздүн көмүрүбүз менен иштеген, арзан электр энергия чыгарган бир Кара-Кече станциясы иштей баштайт. Дүйнө жүзүндөй болуп, биз дагы электромобилге өтөбүз. Анткени бара-бара  баа арзан болуп, күндүз 1 сом, түнкүсүн 50 тыйын болгон мезгилге жетебиз. Демек эл дагы кышында көмүр жакпай электр энергиясын гана колдонуп  калышат. Экология системалык түрдө оңолот. Андан тышкары, 6 млрд.кВт. саат экспорттогонго мүмкүнчүлүк болот. Андан 300 млн.доллар киреше түшөт. Ушундай натыйжага жетиш үчүн мен айткан сунуштарды эске алып, иштеш керек. Президент энергетиктерге өзүнүн колдосун көрсөтүп атат. Иштегенде маселеге түз сызык менен карабай, иш комплекстүү көз караш менен алып барыш керек. Жогорудагы мен айткан сандар эсептелип чыккан сандар. Дагы бир жолу кайталап коёюн, ортомчулардан айрылбаса тармакта өнүгүү болбойт.

Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити