"2021- жылдын биринчи кварталында Россия Кытайга 1 млрд долларлык азык-түлүк продукциясын экспорттоптур! Башкача айтканда Кытай Россиядан 1 млрд долларга азык түлүк сатып алыптыр! Кытай сатып алыптыр!

Кээде кейип калабыз: Кыргызстан деңиздин боюнда жайгашканда, океандын жээгинде болгондо, таңгөрүнүкү, укмуш жашамакпыз деп...

Мына, Кытай деген эле ОКЕАН, эбегейсиз чоң деңиз деп элестетиш керек! Биз, кыргыздар, так ошол ОКЕАНдын жээгинде жашайбыз!

Кытай бул килтейген кардар, алар да тамак жейт, суу ичет, кийим киет дегендей... Өзгөчө, Россия сыяктуу аларга азык түлүк сатсак болот! Экологиялык таза продуктыларга Кытайда да спрос аябай көтөрүлдү. Себеби, бай адамдар көбөйдү, алар болсо таза тамакка ыктайт, химиясы жок азык түлүктү тандайт дегендей...

Бишкектен 1 саат самолет менен учкан аралыкта 5 млн эли бар Үрүмчү жайгашкан...Мына сага, океан... Ичкерин айтпаганда!

Россия кантип 3 айда Кытайга 1 млрд долларлык азык түлүк сатты экен?" - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.