"Электр энергиясына болгон тариф жалпылаштырып айтканда, арзандабайт экен. Бул эми белгилүү эле болчу. КРда качан бир нерсе арзандачу эле.

Ушул кезге чейин энергияны пайдалануучулар негизинен үч тарифте төлөп келишкен. Коммерциялык, 700 квт. чейин, андан ашыгы. Азыркылардын сунушу боюнча маселе  мындан да татаалдашкыдай. Үй- бүлөлөрдүн материалдык, финансылык шартына жараша деген ажырым бар экен. Алгач караганда туура эле көрүнөт. Социалдык колдоо.

Иш жүзүндө бул көптөгөн коррупциялык жолдорго алып келет. Дегеле, дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, тендер, квота, льгота, категориалдык негиздеги тарифтер сыяктуулар эч качан ийгиликке жетишкен эмес. Толук макулмун, калктын аялуу катмарларын колдоо керек. Бирок башкача жолдорун табуу керек. Мисал үчүн постсоветтик КРдагы бир нече окуяларды эстеп өтсөк.

Бишкек шаары дээрлик муниципалдык транспорт менен камсыз болгон. Анан эле пенсионерлерге, укук коргоо кызматкерлерине, дагы эсимде жок, иши кылса көптөгөн категориядагы жарандарга бекер жүрүү укугу берилип калды. Мен өз көзүм менен көргөм, бир автобус, троллейбус толо элдин жарымы корочка, документ көргөзүп жүрүп калганын.

Аягы эмне болду, баарыбыз билебиз. Муниципалдык транспорт жок болду. Ордуна кимдер келди билебиз. Маршруткалар, такси, менчик автобустар. Алар, Кудайга шүгүр актап, кээси бардар жашап, иши кылса Бишкекте транспорт пайдасыз болушу мүмкүн эмес эле. Экинчиси,  пенсиялар. Акаев мезгилинде бир учур болгон, пенсиялар акча менен эмес, ар кандай товарлар менен берилген. Пенсия ордуна эмнелерди гана  беришкен жок. Өтпөй калган газеталардан бери. Бул проблема бир эле, эң жөнөкөй чечим менен жолго салынган. Акчалай гана берилсин деген.

Азыркы сунуш кылынып жаткан система өтүп кете турган болсо, материалдык абалым начар деп кимдер гана кошулуп кетпейт. Бул турган иш. Качандыр бир мезгилде жыйырма биринчи кылымдын кадрлары деген бир проект болгон. Жаштарды чет өлкөлөрдөн окутуу боюнча мамлекет эсебинен. Кийин көрсөк, жалаң эле атка минерлердин балдары жөнөп кеткен экен. Гумжардамдар деген болгон. Аларды деле айыл, шаарларда жетиштүү эле жашаган адамдар бөлүп кетти деп уккан жайым бар. Адистер билишер бул проблеманы кандай чечсе болорун.

Менин оюмча, тарифтерди жеңилдетем дешсе, пособие, пенсия, айлыкка кошуп беришсе. Же мисалы, байбы, кедейби, критерийлери өтө чаржайыт болот. Ошон үчүн, мисалы, үч баласы барлардын баарына же пенсионерлердин баарына деп тариф чыгарышса", - дейт экономист Сейдалы Мырзакматов.