Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, ар бир жаран өзүнүн сунуштарын киргизе алат.

“Сунуштар толук кандуу иликтенип, жакшы сунуштар кабыл алынат. Мыйзамга ылайык, иш бүгүндөн тарта август айына чейин уланат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-апрелде президент Садыр Жапаров калк үчүн 700 кВт/с лимитти алып салуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштаган.

Ага ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөм 74 тыйындан, жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн төлөм 1 сом 04 тыйындан, жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн төлөм 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталууда.

Электр энергиясын пайдалануу 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар.

Булак: Кабар