Экономикалык абал дале оор болуп, жумушсуздуктун кѳрсѳткүчү жогору болуп аткан чакта Россияда, Казакстанда  ж.б. жерлерде иштеп жүрүшкѳн мекендештердин которгон каражаттары миңдеген үй-бүлѳлѳрдүн оорун колдон, жеңилин жерден алып аткандыгы кашкайган чындык. Алардын иштери жакшы болуп, кѳп таба башташса, алардын жакындары эле эмес, биз, ѳлкѳ жетекчилиги кошо сүйүнчү болдук.

Уккан кулак сүйүнсүн, ушул жылдын февраль айындагы эмгек мигранттардын которуулары 177,1 млн. долларды түзгѳн. Бул январь айына караганда 25,6 млн. долларга кѳп. Мындай маалыматты ѳлкѳнүн Улуттук банкы билдирди.

Ал эми ѳткѳн жылдын ушул мезгилине салыштырганда кѳрсѳткүч 2,3 млн. долларга азайган. Ушул жылдын 2 айында мигранттар Кыргызстанга 328,6 млн. доллар которушкан, бул ѳткѳн жылдагыга караганда 16 млн. долларга кѳп. Мунун 319,8 млн. долларын Россиядагы мекендештерибиз которушса, АКШдан 5 млн., башка ѳлкѳлѳрдѳн 2 млн. доллар которуулар болгон.

Кѳрүнүп тургандай, пандемиялык абалдан улам эмгек мигранттардын абалы начарлап, которуулардын ѳлчѳмү азайып кеткен болсо, акырындап абал оң жагына ѳзгѳрүп, жакшыруу тенденциясы байкалууда.

Булак: “Майдан. kg” гезити