Бул тууралуу маалымат жыйынында Статкомдун финансы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Чолпон Касымова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2019-жылга салыштырмалуу чакан насыя менен камсыз болгон калктын саны 13,2%га, ал эми берилген насыянын көлөмү – 3,2%га көбөйгөн.

Ошондой эле ал чакан насыянын олуттуу көлөмү Ош (6,8 млрд сом, же берилген чакан насыянын жалпы көлөмүнүн 21,8%ы) жана Жалал-Абад (4,9 млрд сом, же жалпы көлөмдүн 15,7%ы) облустарындагы, Бишкек шаарындагы (4,9 млрд сом, же жалпы көлөмдүн 15,6%ы) жана Чүй (4,2 млрд сом, же 13,4%) облусунун алуучуларга берилгенин кошумчалады.

“2020-жылы берилген чакан насыянын жалпы көлөмүнөн 33,6%ы айыл чарбасындагы ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө, 28,2%ы керектелүүчү муктаждыктарга, 10,4%ы соода жана коомдук тамактанууга, 8,1%ы курулушка жумшалган”,-деди Касымова.

Анын маалыматы боюнча, муну менен катар 2019жылга салыштырмалуу айыл чарба жаатына берилген чакан насыянын көлөмү 2,4%га көбөйсө, соода жана коомдук тамактануу (2,2%га) жана курулуш тармагына (2,3%га) тескерисинче кыскарган.

2020-жылы чакан насыяларды кайтаруунун деңгээли 95,4%ды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйгөн.

Булак: Кабар