Өткөн жумада Президент С.Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарында “CASA-1000” долбоорунун биздин өлкөдөн баштала турган көмөкчордонунун бири болгон Баткен районунун Кара-Булак айылында болуп, жаңыдан башталган электр мамычасынын жерпайын түптөөгө катышты.

Адистердин айтуусунда, бул регионалдык деңгээлдеги масштабдуу долбоор, ал энергия кубаттуулуктарын жогорулатуунун жаңы барагын ачат, бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет.

Мамлекет башчысы аталган долбоордун өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин жана бул долбоорду ишке ашыруудагы Кыргыз Республикасы үчүн пайдасы экспорттук мүмкүнчүлүктү  жогорулатарын, жаңы кубаттуулуктарды куруу үчүн инвестицияларды тартууга шарт түзөрүн баса белгиледи.

“CASA-1000” долбоору жай мезгилинде (майдан сентябрга чейин) электр кубатын экспорттоону ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык тутумдарын Афганистан жана Пакистан менен байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын курууну камтыйт.

Долбоордун алкагында керектүү электр тармактар комплексин модернизациялоо, жаңы көмөкчордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын куруу пландаштырылууда.

“CASA-1000” коммерциялык эксплуатациялоо иши бардык зарыл болгон инфраструктуранын курулушу аяктагандан соң эки жылдан кийин башталат. Катышуучу-өлкөлөрдүн алдында жалпысынан 1,4 миң чакырым электр зымдарын тартып, Тажикстан менен Пакистанда  конвертордук подстанцияларды куруу керек.

Долбоордун Кыргызстан үчүн негизги пайдасы - жыл сайын электр энергиясын экспорттоодон 80 миллион долларга жакын таза киреше түшөт. 15 жылдын ичинде электр энергиясын экспорттоонун жалпы көлөмү 23,3 млрд кВт/саатты түзөт. Ошол эле учурда, «Электр станциялары» ААКнын кирешеси 1,2 млрд АКШ долларынан ашыгыраак, ал эми «Кыргызстан УЭС» ААКсынын кирешеси болжол менен 320 млн АКШ долларын түзөт.

Булак: “Майдан. kg”  гезити