2021-жылдын март айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 1 млрд 731 млн 442 миң кВт саатты түздү. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ошол эле мезгилинде бул көрсөткүч 1 млрд 424 млн 652 миң кВт саатты түзгөн.