Өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып жаткандардын бири коррупция менен катар көмүскө экономика да болуп эсептелет. Көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгаруу аракеттери көптөн бери болуп, бирок натыйжа болбой келет.
Канчалаган салыктар мамлекеттин бюджетин кыйгап өтүп, саналуу адамдардын капчыктарын гана кампайтып келаткандыгы жашыруун эмес. Экономиканын көмүскө жагын тартипке келтирүү үчүн салыктарды фискализациялоо системасы киргизилген болчу. Натыйжасы жаман эместей. Дегенибиз, салыктык процедураларды фискализациялоонун аркасында көмүскө экономиканын көлөмү 5 млрд. сомго кыскартылды. Муну Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

“2019-жылы көп деле өзгөрүү болгон жок, 2020-жылдын июлунан фискализациялык долбоорлорду ишке ашыра баштагандан тартып туруктуу өнүгүү байкалууда. 2,8 млрд. сом өлчөмүндөгү көмүскө экономика ачыкталган. Өткөн жылы коронавирустан улам экономикалык абал оор болду. 2021-жылдын алгачкы айында көмүскө экономикадан 2,3 млрд. сом ачыкка чыгарылды”, - деп айтылат салык кызматынын маалыматында. 

Булак: "Майдан. kg" гезити