Кыргызстандын экономика боюнча өткөн жылдагы жыйынтыктарын жана быйылкы жылдын алгачкы кварталындагы тенденциясын негизинен жогорудагы эки сөз менен гана мүнөздөөгө болот. Пандемиядан улам өткөн жылы дүйнөлүк экономика 3,5 пайызга артка кетсе, Кыргызстандын экономикасынын артка кетүүсү андан үч эседей жогору болду же 8, 6 пайызды түздү. Башка өлкөлөрдүн экономикаларынын артка кетүүсүнө пандемия гана себеп болсо, биздеги артка кетүүгө өткөн жылдын октябрындагы башаламандыктар, бийликтин алмашуусу, анын айынан тоо кен ишканаларынын көпчүлүгүнүн бир нече айлап ткотоп туруусу да себеп болду. Же октябрда, ноябрда 8 тоо кен ишканасы иштебей токтоп турду. Алардын өндүрүштөрдү кеңейтүү үчүн тартылган каражаттарынын көбү кайра чыгарылып кетти. Республика боюнча капиталдын сыртка чыгарылуусу 600 миллион доллардан ашыкты түздү. 

2020-жылы бардыгы болуп сырттан 477,6 миллион доллар түз инвестициялар тартылыптыр. Бул мурдагы 2019-жылга салыштырганда 55,6 пайызга аз. Аларды тармактарга бөлө келсек, геологиялык чалгындоо иштерине тартылган инвестициялардын көлөмү 5,4 эсеге, маалымат жана байланыш тармагына тартылгандар 5,1 эсеге, дүң жана чекене соодага тартылгандар 23,4 пайызга, өнөр жай ишканаларына тартылгандар 32,2 пайызга, каржылык чөйрөгө жана камсыздандырууга тартылгандар 31,6 пайызга азайды. Инвестициялардын көбү дагы деле Канада менен Кытайга туура келет. Ал эми шериктешпиз, стратегиялык өнөктөшпүз деп жаткан Россиядан, кандашпыз, жандашпыз деп, ички иштерибизге кийлигишип жаткан Түркиядан жарытылуу деле эч нерсе келген жок.

Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен өткөн жылы экономикасы эң чоң эңшерилген Кыргызстан гана болду. Ал эми Өзбекстан, Түркмөнстан өсүш менен чыгышты. Бийликтегилерибиз оптимисттик убадаларды беришкен менен быйыл деле экономикабыз 2019-жылдын деңгээлине жетчүдөй эмес. Анткени, инвестицияларды тартуу боюнча агенттик түзүлгөн менен сырттан жарытылуу инвестиция келбей жатат. Же бир сөз менен айтканда абал чатак…

Булак: "Майдан. kg" гезити