Мына ушундай кызматтардын бири катары нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциялары саналат. Кызматтардын бул түрүн Улуттук банктан лицензия алган бардык юридикалык жактар, атап айтканда коммерциялык банктар, микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар жана алмашуу бюролору сунушташы мүмкүн.

Өлкөнүн аймагында чет өлкө валютасын алмашуу операциялары "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жана “Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө” жобо менен жөнгө салынат.

Алмашуу бюросу – деп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык, жүргүзүлгөн нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пунктту айтабыз.

Юридикалык жактар чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн Улуттук банктын лицензиясын сөзсүз алышы керек. Лицензияны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы гана берүү укугуна ээ. Лицензия үч жылдык мөөнөткө берилет жана тийиштүү бюронун ажырагыс бөлүгү болуп саналып аны үчүнчү тарапка берүүгө болбойт.

Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна ээ бир юридикалык жак төрт кошумча алмашуу бюросун ачууга укугу бар.

Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттары – бул, юридикалык жактын бюджетке салык төлөөдөн бошотулган өздүк акча каражаттары, ал алмашуу бюросуна нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн бөлүнүп берилет.

Бир алмашуу бюросу үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 1 000 000 сомду түзөт.

Эгерде юридикалык жактын алмашуу бюросу нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жылда 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жатса, анда бир алмашуу бюросу үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 500 000 сомду түзөт.

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу жана алмашуу бюросун каттоодон өткөрүүнү макулдашуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтер сунушталат:

• лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;
• алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын булактары жөнүндө маалыматтар;
• өтүнүч кат ээсинин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
• уюштуруу документтери;
• жана Улуттук банктын талаптарына ылайык башка документтер.

Улуттук банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизинде көрсөтүлгөн учурларда лицензия берүүдөн баш тартууга укугу бар. Алардын ичинде – документтердеги маалыматтар так эмес/толук эмес болгондугу, өтүнүч ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги, жүгүртүү акча каражаттарын алуу булактары тууралуу маалыматтын ачык чечмеленип берилбеши жана башкалар.

Лицензия берүү боюнча өтүнүч катты Улуттук банк мыйзамдардын талаптарына ылайык болгон документтер документтер жана өтүнүч кат келип түшкөн күнунөн тартып 30 календардык күн ичинде каралат.

Лицензияны берүү акы төлөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат, лицензиянын баасы 1000 сом түзөт.

Алмашуу бюролорго төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- юридикалык жактардан жана жеке адамдардан аманат акча каражаттарын тартууга;
- лицензиаттын менчиги болуп саналбаган, акча каражаттарын сактоого кабыл алууга;
- лицензияда түздөн-түз көрсөтүлбөгөн башка операцияларды жүзөгө ашырууга.

Булак: Кабар