Бул тууралуу журналисттерге Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви билдирди.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Кыргызстанда 2020-жылы экономика 8,6% ылдыйлады. Сомдун АКШ долларына карата курсу 19%га төмөндөдү.

«Экономика үчүн негизги соккулардын бири 9,7 пайыз деңгээлиндеги инфляция да болду. Ушундан улам жакырчылык 31 пайызга көбөйдү. 2021-жылга карата божомолдор боюнча, ал дагы 4 пайызга өсүп, 35 пайызга чейин жетиши мүмкүн», — дейт Навид Хасан Накви.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2019-жылы өлкөдөгү калктын болжол менен 20 пайызы жакырчылыктын чегинде жашаса, 60 пайызга жакыны аялуу катмарга кирген.

Маалыматта айтылгандай, өлкөнүн экономикасынын абалы пандемия башталганга чейин эле кооптонууну жараткан. Мындай кейиштүү абалды Хасан Накви эки себеп менен түшүндүрдү: биринчиси, киреше булактарынын жоголушу жана инфляция; экинчиси, 2020-жылы 12%га жеткен азык-түлүк баасынын жогорулашы.

Дүйнөлүк банк COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу үчүн Кыргызстанга жардам иретинде 160,15 млн. доллар бөлгөн. Анын 22,15 миллион доллары медицинага, 138 миллиону жакырларга жардам катары жана пандемияда жабыр тарткан орто, чакан бизнеске берилген.

Булак: Маралфм