Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттеги маалымат жыйында Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Элвира Исенкулова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, муну менен катар алкоголдук суусундуктардын жана тамекинин баасы 3,4%га, тамак-аш продукциясы жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 2,9%га, азык-түлүк эмес товарларга баа 0,8%га өскөн. Ал эми калкка кызмат көрсөтүлөрдүн тарифи 0,8%га төмөндөгөн.

“Үстүбүздөгү жылы февралда керектөө бааларынын жана тарифтин өсүүсү өткөн айларга салыштырмалуу республиканын бардык аймактарында катталган. Эң жогорку өсүү Нарында катталып, 1,7%га жеткен”,-деди ИСенкулова.

Булак: Кабар