ПМдин кандидатурасы каралып жатканда Д. Бекешев капыстан суроо бере салды.
Болочок ПМ мындай суроону күтпөсө керек. 5600 сомго жашаса болот деп, бирок мындай сумма аз экенин да белгиледи.
Адаттагыдай эле соцтармак колдонуучулары мындай сөздү жактырышпады. Ачууландык, ардандык. Көпчүлүктү ойготту ачык жооп, аргасыз жооп. Социалдык тармак жарылды.
Көп нерселер ачыкталды. Калктын бай кедейге бөлүнүү ажырымы өтө чоң экен.
Эң туура. Мындай сумма бүгүнкү күнү өтө аз.
Бирок, чындыкка келсек, ушул суммадагы акча да кээ бир үй -бүлөлөрдө жок. Өзгөчө айыл жеринде. Туруктуу айлыгы жок адамдар бар. Албетте, чоң фермерлер, жетиштүү чарба ээлери көп айылда деле. Бирок ошол эле учурда дагы эле натуралдык чарба менен күн көргөн адамдар тобу арбын. Ар бир үй -бүлө мүчөсүнө бөлүп келгенде айтылган сумма да чыкпай калат кээ бир үйлөрдө. Шаар жеринде деле мындай адамдар бар. 25 миң сом алганда деле, үйүндө эки, үч баласы болсо ушул эле сумма чыгып калат. Өзгөчө бюджеттеги адамдар, пенсионерлер, пособиеге жашагандар деле ушул суммадан ашса бир аз эле ашат.
ПМдин жообу биздин КРдагы абалды ачык көргөздү. Айлык акылардын өлчөмү, пенсия, пособиелер өтө эле аз.
Кымбатчылык, жумушсуздук, коммуналдык төлөмдөр, медицина, башка социалдык көйгөйлөр ушул сөз менен калктын арасында нааразылык жаратты.
Бийликти талашкандарды жактап, мактап, жамандап жүрүп, жалпы эл өз акыбалыбызга көп көңүл бурбаптырбыз.
Дагы жакшы ПМ айлыкты 25 миң, пенсияларды 15 миң кылып салам деп айта салган жок. Кур убадалар, элди алдоо болмок.
Бүгүнкү КРда экономика, бюджет өтө катаал абалда. Коллапс, дефолтко жакын абал.
Экономикалык кризистер, төңкөрүштөр, пандемияга окшогон планда жок, капыстан келген кырсыктар капитализмдин бир эрежесин ар дайым далилдеп келет. Мындай акыбалдардан байлар дагы байышып, кедейлерге артка чегинге жол жок, орто катмар өтө чоң зыян тартат. Негизги салык төлөөчүлөр да ушулар.
Айлыктарды көбөйткөндү кой, аларды өз убагында төлөп туруу да кыйын болот бир нече ай.
Өкмөттү, президентти оор иштер күтүп турат. Жагабы, жокпу, айла жок, аларга иштөөгө убакыт бериш керек. Стабилдүү өлкө болсок, бизнес өнүксө, ошондо гана жакшы жашоону күтсөк болот.
Экономиканы жандандыруу керек. Бирок бул үчүн экономикага ресустарды, салымдарды кошуу керек. Элдин керектөөлөрүн кандай болбосун стимулдоо зарыл.
Капитализмде эч кандай дефицит болбойт. Болсо убактылуу. Бир гана нерсе дефицит, ал акча. Элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогору болсо, өндүрүш, тейлөө сектору, бардык талаптарды канааттандыра алат.
Бийликтин кээ бир өкүлдөрү, элди бир аз ишендирип коюшту, коррупционерлерди кустуруп эле, бюджетти оңдоп кетсе болот деп.
Коррупция менен күрөшүү эң башкы маселе. Бирок, иллюзияга да алдырбасак. Канча акча түшөт алардан белгисиз. Млн, млрд. сом айтылган менен, ал акчалар эң кичинекей деп эсептелген КР бюджетинин жанында да көп акча эмес.
Дагы бир нерсе. Коррупционерлерден өндүрүлө турган акча, бул башка муундун, башка жылдардын эмгеги. Прошлый труд деп коет экономикада. Өндүрүп алышса бул эң жакшы, адилеттүлүк, акыйкаттык орнойт.
Бирок, өкмөт, мамлекет, эл, бизнес, чарбалар, бүгүнкү күнү жаңы байлыктарды өндүрүүсү жана көбөйтүүсү зарыл. Коррупционерлерден өндүрүлгөн акчалар, булар кошумча каражат катары каралышы керек.
Кыскасы, КР үчүн татаал мезгилде турабыз. Азыр иштегенден башка жол жок.
Чет мамлекеттер менен алаканы жакшыртуу зарыл. Арзан, жеңилдетилген кредиттер, гранттар, жаңы техникалар, технологиялар, новатордук идеялар, жаңы тармактар зарыл КРга.
Сейдалы Мырзакматов, экономист