Кыргызстандагы жүз миңдеген үй-бүлѳлѳр Россия, Казакстан ж.б. ѳлкѳлѳрдѳ иштеп жүрүшкѳн мигранттардын эсебинен тириликтерин ѳткѳрүп, күн кечирип жаткандыктары жашыруун эмес.

Андыктан сыртта иштеп жүрүшкѳн миңдеген мекендештерибиздин иштеринин жакшы болуусу ѳтѳ маанилүү. Бул жааттагы абал учурда кандай болууда?  

Айта турган болсок, 2020-жылдын ноябрында мигранттар 201,1 млн. доллар которушкан. Бул ушул жылдын октябрь айына караганда 25,1 млн. долларга аз болгон. Ошол эле мезгилде 2019-жылдын ноябрь айына салыштырганда 9,8 млн. долларга кѳптүк кылган.

2020-жылдын 11 айында ѳлкѳгѳ 2 млрд. 160,11 млн. доллар которулган. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине караганда 31,81 млн. долларга аз. Которуулардын 97 %ы Россиядагы мигранттардын үлүшүнѳ (2 млрд. 115,47 млн. доллар)  туура келсе, башка ѳлкѳлѳрдѳн 15,82 млн. доллар, АКШдан – 20 млн. доллар которулган.

Булак: “Майдан. kg” гезити