Депутат Дастан Бекешев  өкмөт башчы болом деген Улукбек Мариповдон: "Сиз бир ай 5 миң 600 сомго жашай алат белеңиз?" - деп сурады. 

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеш жаңы өкмөт курамын жана өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Мариповдун программасын карап жатат. 

"5 миң 600 сомго бир ай жашаса болот, бирок кыйын. Ачыгын айтканда, мен сиздин сурооңуздун маанисин түшүнүп турам, сиз керектөө куржуну жана жашоо наркы жөнүндө айтып жатасыз", - деди. 

Бекешев эмнеге өкмөттүн токтомунда ушундай аз суммага бир ай жашаса болот деп аныкталып калганын сурады эле, Марипов ал айла жоктун иши болгонун белгилеп, алдыда бул маселени карашаарын убадалады.