Анысын так билбейбиз. Бирок мурдагы вице-премьер-министрлер Алтынай Ѳмүрбекова менен Аида Исмаилова учурда УКМКга сурак бере баштады. Айтымда, алар пандемия учурунда сырттан келген насыялык, гранттык каражаттарды максатсыз жумшоого жол берип, ѳз милдеттерин аткарууда шалаакылыктарга жол берген.

Тергѳѳ, иликтѳѳ иштеринин жүрүшүнѳ таянсак, Кытай ѳкмѳтү тарабынан берилген гуманитардык жардамдарга кайрадан тендер ѳткѳрүлүп, бюджеттен акча бѳлдүрүлүп сатылып алыныптыр. Ал эми жардам иретинде берилген 500 млн. доллардай каражаттын 10 %ы гана сарпталып, калганы ѳлкѳ бюджетине которулган. Эмне үчүн ал каражаттын баары пандемиялык абалды жеңилдетүүгѳ, илдетти алдын алууга жумшалган эмес? Бюджетке которулган бѳлүгү каякка жумшалган? Эмне үчүн ошол убакта  баткаптар 25 сомдон сатылып алынган?

Айтор, ушул сыяктуу суроолор  кѳп… Жоопту УКМК баштаган тийешелүү органдар тергѳѳ, иликтѳѳ иштеринин натыйжасында берсин.

Булак: "Майдан. kg" гезити