Бүгүн, 20-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев: "Келишим Бирликтин товардык белгисине, тейлөө белгисине жана товар чыгарылган жердин аталышына мүчө мамлекеттердин аймагында бир убакытта укуктук коргоого алуунун натыйжалуу механизмин түзүугө, каттоонун жол-жоболорун жеңилдетүугө багытталган. Келишим мүчө мамлекеттердин аймагында Бирликтин товардык белгилерин жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого, укуктук коргоого, пайдаланууга байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат", - деди.

Ошондой эле Бирликтин товардык белгилерин жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун бирдиктүү механизмин киргизүү ЕАЭБдин бүткүл аймагында алардын укуктук коргоосун күчөтүүгө мүмкүндүк берери кошумчаланды.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.