2021-жылдын алгачкы айына бут таштадык. Бул жылы экономикада кандай өсүштөр же кейиштер болоорун убакыт көрсөтөт. А биз өткөн, 2020-жылдын экономикасына жыл жыйынтыгын чыгарып, сарасеп салдык.

Январь-март. Тийиштүү кызматтар тараткан расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын алгачкы үч айындагы экономикалык абал көңүл кубантаарлык болду. Март айынын этегиндеги жыйынтыкта ИДП  1,5 пайызга өскөнү айтылган.

Апрель –май. 1,5 пайызга өсүүнүн кубанычы узакка созулбады. Дүйнөнү каптаган пандемия кыргызстандыктарды да март айынын аягында үйгө камады. Карантиндик чаралар ишкерчиликтин дээрлик бардык түрүнө сокку урду. Импорт, экспорт, соода, тейлөө тармактары, базарлар жабылды. Ишкерлердин кирешеси токтоду, аны менен катар салык төлөмдөрү азайды. Бул өз кезегинде мамлекеттин казынасын бөксөрттү.

Июнь-июль. Майдын этегинен тартып ишкерчиликтин айрым түрлөрүнө ишмердүүлүгүн улантууга уруксат берилди. Бирок эки ай иштебей калган бардык эле тармактар ишин үзүрлүү улантып кете алышкан жок. Эл аралык каттамдардын жанданбаганы, чек аралардан өтүү тоскоолдук менен коштолгону, мигранттардын массалык түрдө мекенине кайтышы терс таасирин берди. Ал арада Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков жылдын алты айында Кыргызстандагы ишканалардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 36 пайызга азайганын билдирди. Катарга кошулган компанияларга караганда катардан чыккан компаниялардын көп болгону  - салык төлөөчүлөрдүн жана жумуш берүүчүлөрдүн саны азайды дегенди түшүндүрдү.

 Улуттук статисткалык комитеттин жарым жылдык боюнча чыгарган жыйынтыгына ылайык, ИДПнын  көлөмү 282 миллиард 2,6 миллион сомду түзгөн. Ошондо, жети айда экономика 6,1 пайызга ылдыйлаган.  

Август-сентябрь. Августта ИДПнын төмөндөө темпи 5,9 пайызга, 2019-жылдын ушул айына салыштырмалуу 7,6 пайызга басаңдаган. Сентябрь айынын соңунда ИДП болжолду жыйынтык боюнча, 400 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 6 пайызга төмөндөдү.

Октябрь-ноябрь. Октябрь да экономикадагы көрсөткүчү менен кубанта алган жок. Пайыздар ылдыйлагандан ылдыйлап, эксперттер жакынкы арада экономиканын өсүшүн ойлонмок турсун, аны кантип ылдыйлатпай, бир калыпта сактап калууга баш катыруу керектигин айтышты. Он айдын жыйынтыгы менен өндүрүш тармагынын көлөмүнүн басаңдоосу 3,6 пайызды түздү. Аны менен катар өлкө кымбатчылыктын алдында калды. Азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарга баа жалпысынан 30 пайызга көтөрүлдү. Монополияга каршы агенттиги азык-түлүккө болгон бааны көзөмөлдөөгө акысы жоктугун, анткени бул импортко байланыштуу экенин айтып алакан жайды.

Декабрь. Ошентип, март-апрель айларында башталган чыгаша декабрдын жыйынтыгын кейиштүү көрсөттү. ИДП  7,5 пайызга төмөндөдү. Жыл башындагы 1,5 пайыз өсүштү эсепке алганда, бул биздин шарттагы “бир кадам алдыга, эки кадам артка” болгонсуду.

Экономика боюнча айрым эксперттер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен пандемияда эң көп зыян тартып, экономикалык кыйынчылыкка дуушарланган Кыргызстан болгонун айтып чыгышты. Мисалы, экономика илимеринин кандидаты Арзыбек Кожошевдин айтымында, буга себеп- атамекендик ишкерлерди колдоого алуу жетиштүү түрдө жүргүзүлбөгөнү.

“Бизден башка бардык мамлекеттер атамекендик ишкерлерди колдоого алып, экспорт жана импортко көп маани бере башташты. А биздин экономикабыз  Кытайдын таасиринде болгондуктан чек аралардын жабылышы кесепетин тийгизди. Өкмөт  экономикалык кризистен чыгуу чараларын чечкиндүү карабады”,-деди ал.

 Инвестиция. 2020-жылы өлкөгө келген инвестициянын көлөмү да кыскарды. Өткөн жылдын 9 айындагы бул жааттагы көрсөткүч 2019-жылдын 9 айына салыштырмалуу 30,9 пайызга азайды. Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев Кыргызстанга эң көп капитал тартылган тармак болгон тоо-кен жаатына 20-25 миллион долларлык инвестиция келбей калганын айтып чыкты. Жыл ичинде өлкөгө кирген инвестицияга караганда, чыгып кеткен инвестициянын көрсөткүчү жогору болду. Ошону менен катар аталган министрлик инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө аракеттенип, айрым чектөөлөр алынаарын жарыялады.

Доллар. Жыл бою америкалык жашыл акчанын салмагы оор болду. Жалпылап айтканда, 15 сомго кымбаттады. Жылды 1 доллардын баасы 82 сомго туш келген көрсөткүч менен жаптык.