Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтмөкчү: 1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер же жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат.