Кыргызстанда доллардын куну кайрадан өсүүдө. Учурда АКШ доллары 84,3 сомдон сатылууда.

Өлкөдө күз айынан тарта доллардын курсу 79дан 84 сомго чейин көтөрүлө баштаган. Ал эми жыл аягында чет элдик валютанын курсу 80 сомго чейин түшкөн.

Улуттук банк 2020-жылы жалпысынан 29 ирет интервенция жасаган.