Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүүнүн дагы бир жакшы жагын жарыялады.

“Президенттик башкарууга өтүүнүн дагы бир чоң жакшы жагдайын айта кетиш өтө маанилүү. Азыркы Президенттин Аппараты менен Өкмөттүн Аппараты биригет. Бул чакан жана эффективдүү Аппаратты түзүүгө өбөлгө болот. Бир топ миллион сом үнөм болот, эки Аппарат бириккенде жүздөгөн чиновниктер кыскартылат, башкаруу системасы жеңилдейт, бири бирин туураган жана көзөмөлдөгөн бөлүмдөр жоголот. Жыйынтыгында, мамлекеттик башкаруу жигердүү жана жыйынтыктуу боло баштайт. Муну менен өлкөдө чоң админстративдик- территориялык реформага старт берилет”, - деди ал.

Булак: «Майдан. kg» гезити